2025-жылдагы Кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнү белгиленет. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА малымат агенттигине Муфтияттан билдиришти.
«Кадыр түндө жасалган ибадаттардын сообу миң айлык ибадаттын сообуна барабар. Бул түнү Жабрайил (а.с.) баштаган периштелер жер бетине түшүп, таң атканча адамдарга салам-тынчтык тилеп турушат. Бул түнү кимде-ким ыклас менен ибадат кылса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет», — деп айтылат хадистерде.
Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?
Кадыр түндө ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша намаз окуусу керек;
Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусу керек; Көп дуба кылуу керек;
Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек;
Өткөн күнөөлөргө тооба кылуу керек; Аллахты зикир кылуу керек;
Өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек.
Посмотреть эту публикацию в Instagram