Бишкекте бүгүн, 25-марттан тартып жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Транспорт кыймылы үчүн Жибек-Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы жабылат. Түндүк тарабы убактылуу эки тараптуу болот.
Ошондой эле, Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы жабылат. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрөт.
«Айрым жол тилкелеринин жабылышына байланыштуу коомдук транспорттун кыймылында өзгөрүүлөр болбойт. Ушул жылы жалпысынан 8 жолду реконструкциялоо пландалууда», — деп айтылат маалыматта.