2026-жылдын курулуш мезгилинде Бишкек-Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагында 130-146-чакырымдар (10 км) аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт.
Мындан тышкары, министрликтин алдындагы №9 Жол тейлөө ишканасы Бишкек-Ош автожолунун Сосновка постунан Төө-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки (80-139-чакырымдар) тилкесинде коопсуздукту камсыздоочу парапеттерди алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Жалпысынан 200 даана парапет орнотуу каралган, учурда анын 180 даанасы орнотулду. Аталган парапеттер Бишкек-Ош автожолу реконструкцияланган убактан бери, дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери алмаштырылган эмес.