Abank_june
SerepTV Logo

Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар унааларды легалдаштырууга 1-сентябрга чейин мөөнөт берилди

Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар унааларды легалдаштырууга 1-сентябрга чейин мөөнөт берилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон “Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка ылайык, чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштыруу процессин аяктоо, алардын укуктук статусун жөнгө салуу, легалдаштыруу үчүн кошумча мүмкүндүк берүү, ошондой эле мыйзамсыз эксплуатациялоонун алдын алуу жана бул маселени биротоло чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн (анын ичинде адистештирилген токтотуу жайларында турган) чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарынын (мындан ары – транспорт каражаттары) ээлерине (айдоочуларына) 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөргө укук берилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте легалдаштыруунун кошумча (акыркы) жол-жобосунан өтүүгө;

2) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууну жүзөгө ашырууга;

3) транспорт каражаттарын запастык бөлүктөргө сатууга;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте транспорт каражаттарын утилдештирүүнү жүзөгө ашырууга.