Чабандар таап алган сүлөөсүндүн мыймыйы дарыланып жатат. Бул тууралуу «Бугу эне» фонду соцтармактагы баракчасына жазды. Ага Ширин деген ысым ыйрашкан.
Ветеринарлардын айтымында, мыймый 5-6 айлык, бирок нормадан эки эсе арык жана салмагы 4,3 килограммды түзөт.
“Энесине эмне болгону белгисиз. Анткени сүлөөсүндөр балдарын эки жашка чейин жанында алып жүрүп, жашоого үйрөтөт. Мыймый табиятта өз алдынча жашай алмак эмес”, — деп айтылат маалыматта.
13-январда Ысык-Көлдө Көк-Төбө айылындагы кашарда чабандар сүлөөсүндүн мыймыйын таап алышканын айыл өкмөткө кабарлашкан. Алар Бишкектеги «Бугу эне» фондуна өткөрүп беришкен.