Чаткал районундагы кен казган компаниялардын белгилүү бир өлчөмдөгү үлүштөрү мамлекетке өтөт. Атайын кызматтын төрагасы, компаниялардын ишмердүүлүгү УКМКнын көзөмөлүнө алынарын баса белгиледи. Жыйында УКМК төрагасы райондогу иштер боюнча айыл өкмөт башчыларына жана айрым жетекчилерге эскертүү жана тапшырмаларды берди. Ошондой эле, Жалал-Абад облусундагы ар бир жетекчинин ишмердүүлүгү текшериле турганын кошумчалады. Жергиликтүүлөр атайын кызматтын төрагасына маселелерин айтып, ыраазычылыктарын билдирди. Айрымдар кат түрүндө кайрылышты.
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү
Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин...













