Чаткал районундагы кен казган компаниялардын белгилүү бир өлчөмдөгү үлүштөрү мамлекетке өтөт. Атайын кызматтын төрагасы, компаниялардын ишмердүүлүгү УКМКнын көзөмөлүнө алынарын баса белгиледи. Жыйында УКМК төрагасы райондогу иштер боюнча айыл өкмөт башчыларына жана айрым жетекчилерге эскертүү жана тапшырмаларды берди. Ошондой эле, Жалал-Абад облусундагы ар бир жетекчинин ишмердүүлүгү текшериле турганын кошумчалады. Жергиликтүүлөр атайын кызматтын төрагасына маселелерин айтып, ыраазычылыктарын билдирди. Айрымдар кат түрүндө кайрылышты.
Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты
Казакстандын Алматы шаарында казак элинин көрүнүктүү акыны, жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнаты өттү. Акыркы сапарга...












