Бүгүн, 12-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, 2022-жылы Баткен чек ара жаңжалында көзүнө жарылгыч заттын учкуну чачырап, эки көзүнөн жаракат алган Элдияр Төлөновду кабыл алып, каржылык жардам көрсөттү.
Элдияр Төлөнов 2021-жылы Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтун аяктап, 2021-2022-жылдары ИИМ ИА (Баткен) бөлүмүнүн батальондорунун биринин командири, андан соң ротанын командиринин орун басары болуп мамлекетке кызмат өтөгөн. 2022-жылы Баткен районундагы чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алып, Түркиядан, андан соң Москва шаарынан дарыланып келет. Элдияр Төлөновдун 1-топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин мамлекет тарабынан 1 миллион 794 миң сом бөлүнүп берилип, андан тышкары Бишкек шаарынан батир алынып берилген. Учурда Элдияр Төлөновго ай сайын 15765 сом жана майыптуулук боюнча 7000 сом пенсия төлөнүп турат.








