23-июлда социалдык тармактарга тараган «кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
«23-июлда Тажикстандын аймагында Тажикстандын Чек ара аскерлеринин «Плотина» чек ара постунда 2 жолу ок атылган. Ошол эле күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө тажик тарап кызмат өтөп жаткан жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алгандыгын маалымдашкан»,- деп айтылат маалыматта.
Жаракат алгандар болгон эмес. «Кыргызстандын чек ара заставасынын башчысы жолугушуу бүтөрү менен кокусунан чыгарылган ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага чыныгы жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык медиага чыгарып салган»,- дешти.