Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Кыргызстандын чек ара башкармалыгынын башчысы Абдикарим Алимбаев 8-майда өздүк курам менен биргеликте согуштун ардагери Василий Пухаревди куттуктады. Эр жүрөк баатыр быйыл 101 жашка толду.
УКМКнын Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев ардагер менен баарлашып, ага Улуу Жеңиш үчүн, бейпил жашоо үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ал белгилегендей, Василий Пухаревдин жана башка ардагерлердин эрдиги элдин эсинде түбөлүк сакталып, Кыргызстандын чек арачылары Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесин жана аскердик салттарын ыйык сактоо менен мамлекеттин көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн ар дайым кыраакылык менен кайтарып турушат.