Чолпон-Атада 34 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болгонун жолдошу айтып чыккан.
Маалыматка караганда, бул келиндин бешинчи төрөтү болгон. «Эки сутка карабай коюшкан. Эки суткадан кийин кесарево кылып, эртеси күнү кайра операция жасашкан. Операциядан келинчегим чыкпай калды. Комада жаткан жеринде операция жасашты. 5 бала калды»,- деген жолдошу өлкө башчыга кайрылып, адилеттик издеп жатканын билдирген.
«5-сентябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 1988-жылы туулган тургуну Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арызында 5-сентябрга караган түнү анын жубайы, 1991-жылы туулган келин Ысык-Көл райондук ооруканасынын төрөт үйүндө каза болгондугу тууралуу билдирилген.
Арыз Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө«,- деп айтылат маалыматта.








