Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайында массалык мушташ чыкты. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Анда бир топ адамдын колуна таяк алып, мушташып жатканын көрүүгө болот. Ысык-Көл ОИИБден бул маалыматты тастыкташты. Ага ылайык, окуя 27-июлда болгон. Пансионаттын куткаруучусу менен эс алуучулардын ортосунда катамаранды ижарага алуу учурунда пикир келишпестик чыгып, уруш башталганы айтылды. Тараптар бири-бирине доомат коюудан баш тартышкан.











