Ош облусунун Чоң-Алай районунда талаадан ымыркайдын жансыз денеси табылган. Окуя 2024-жылдын ноябрь айында болгонун Ош ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, факты 9-ноябрда каттоого алынган.
Жергиликтүү ЖМКлар милиция кызматкерлери жолдогу видео көзөмөл аркылуу ымыркай жатканын аныкташканын жазды. 2005-жылы туулган кыз ымыркайдын апасы экени аныкталган. Тергөө уланууда.