Бүгүн, 19-апрелде Аламүдүн районунун Васильевка айылында дарыяга түшүп кеткен жаранды издөө иштерин улантуу максатында Токмок шаардык №21 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу 1 дрон менен тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
15-апрель күнү Чу дарыясына 1990-жылы туулган эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Ошол убактан бери издөө тынымсыз улантылып жатат.