Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылындагы Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 18-апрелде жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылды.
15-апрель күнү Чу дарыясына 1990-жылы туулган эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Ошол убактан бери издөө улантылып жатат.
Буга чейин Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу ИИМден, УКМКнын чек ара кызматынан жана туугандарынан издеп жатышкан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жарандын жубайы менен байланышканыбызда издөөгө көмөк керек болуп жатканын айткан. «Бизге дрон, кайык керек болуп жатат. Бир эле кайык менен издөө иштери жүрүп жатат. Издөө иштерине жарандар жардам берсе жакшы болот эле»,- деди ал.