Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, тейлөөчү объектилер менен жабдылган жаңы жер астындагы өтмөктү, ошондой эле 220дан ашуун унаа токтотуучу жайды камтыган ири инфраструктуралык долбоор башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
31-марттан тарта курулуш иштерине байланыштуу Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул аймактагы айрым автобус каттамдардын жүрүү схемасы өзгөрөт:
№ 5, 34, 38, 50, 152, 166 жана 222 маршруттук каттам Фрунзе көчөсүнө которулат.
№ 7, 11, 25, 36, 129, 169, 216, 227 жана 254 маршруттук каттам Киев көчөсүнө багытталат.
Ошондой эле жол тыгынын азайтуу үчүн жол чырактардын иштөө цикли да өзгөртүлөт.
«Жаңы жер астындагы өтмөктөр жөө жүргүнчүлөргө коопсуз жолду өтүүгө, ал эми жер астындагы унаа токтоочу жай көчөдөгү тыгындарды азайтууга шарт түзөт. Долбоор «Ташболот Холдинг» жана «Олд Бишкек» ЖЧК компанияларынын жеке инвестицияларынын эсебинен ишке ашырылат. Курулуштун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт. Курулуш эки жылга жакын созулат. Чүй проспектиси транспорт кыймылы үчүн 6-8 айдын ичинде ачылат», — деп айтылат маалыматта.