Кечээ, 22-июлда Чүй облустук милициясынын башчысы Каныбек Абдырахманов Ички иштер министринин тапшырмасынын негизинде адам өмүрүнө коркунуч жаралган кырдаалда кайраттуулуктун жана кесипкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтө алган кызматкерлерге “Каармандык” медалын тапшырды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
18-июль күнү кечинде Жайыл районунун Сосновка айылында Тойота Аллион үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, каналга түшүп кеткен. Сосновка айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Эрмат Сасыков жана Нурлан Бийбосунов окуяны байкап калып, сууга агып бара жаткан унаага барып, ичинен ата-баланы алып чыгышкан.









