Чүйдө дайынсыз болуп, изделип жаткан 15 жаштагы Зыйнат Иманказы кызы менен Айсезим Замирбек кызы табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар 14-ноябрь күнү саат 13:00дө Военно-Антоновка айылындагы үйдөн чыгып кетишкен бойдон кайтып барышпаганы айтылган. Кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Милициядан билдиришкендей, кыздар Бишкектеги компьютердик клубдун биринен табылган.