Чүйдө Даниэль Молдалиев дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
17-июль күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 1959-жылы туулган жаран кайрылып, небереси дайынсыз жоголгону боюнча арыз менен кайрылган.
!6-июль күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Даниэль Жайыл районунун Сары-Булак айылындагы Кожомбердиев көчөсүндө ойноп жүрүп, велосипед тээп белгисиз тарапка кетип, ошол бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты Жайыл РИИБге катталып, учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Молдалиев Даниэль психикалык жана сүйлөө жөндөмүнүн өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар болгондуктан адистердин көзөмөлүндө турат. Буга чейин да үйдөн өз алдынча чыгып кеткен учурлар катталган.
Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, (0312) 22-15-58, (0551) 59-40-44 номурларына чалсаңар болот.











