Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагына курулчу экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарынын аянты 353,3 га болот. Президент Садыр Жапаров Кемин-Сити шаарын куруу боюнча жарлыкка кол койду.
Өлкө башчысы Министрлер кабинетине 2025-жылдын 1-июнуна чейин экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу концепциясын иштеп чыгууга, инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тапшырма берди.