Чүйдө жол эрежесин 169 жолу бузуп, айыпты төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кызматкерлер ВАЗ 21074 үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, текшерген учурда айдоочу “Коопсуз өлкө” боюнча коюлган камераларга жол эрежесин бузуп, бирок айдоочу айып пулдарды төлөбөй жүргөнү аныкталган.
Унаа айып короо жайына токтотулуп, айдоочуга укук бузуулар Кодексинин 38-беренесинин негизинде протокол жазылды.











