Бүгүн, 18-апрелде Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан өзүнчө батальонунда 2025-жылдын жазгы чакырыгы менен келген жаш жоокерлердин аскердик ант алуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага ЖАКтын Түзөттүү мекемелеринин жана өз ара кызматташ мамлекеттик мекемелердин жетекчилиги, өкүлдөрү, Республикалык жоокерлер энелери комитетинин төрайымы, Департаменттин ардагерлери, ошондой эле жаш жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылган.
Жаш жоокерлер аскерге чакырылган бир айга жетпеген убакыт ичинде аскер турмушуна, так күн тартибине көндүргөн алгачкы аскердик даярдык курсун аякташты, аскердик уставдардын негиздерин, өз кызматтык милдеттерин үйрөнүштү.
«Кайтаруу жана конвой департаменти кооптуу кылмышкерлер жазасын өтөп жаткан республикадагы бардык түзөтүү мекемелерин кайтарууну, Бишкек шаардык сот отурумдарындагы ар кандай сот процесттерине соттолгондорду айдап узатууну, ошондой эле кылмышкерлерди жана камакка алынган адамдарды өлкөнүн түндүк-түштүгүнөн, бир жерден экинчи жаза өтөө жерине чейин атайын унаалар менен ташууну камсыз кылат»,- деп айтылат маалыматта.
25-июлга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү...
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн мэриянын автогаражына барды. Калаа башчысы унаа токтотуучу жайдын шартын жана жаңы алынган унаалардын тазалыгын,...
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын-Баетов унаа жолундагы курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу...
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен Токтогул эс алуу багындагы соода күркөлөрү, тез татым жайлары толук буздурулууда. Бул тууралуу...
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөрүн маданият министри маалымат жыйында билдирди. Маалыматка караганда, оюндун негизги...