«Тамыры менен алынып, жүктөлүүдө. Жеринде 13 атайын техника жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын 20 кызматкери иштеп жатат. Бардык кыйылган бак-дарактар ишкананын базасына жеткирилет. Бүгүнкү күндө көптөгөн дарактардын сабагы чирип, зыянкечтерден жабыркап, оорунун белгилери байкалат. Көпчүлүк бак-дарактардын үстү куурап, жолдун четине да, аллеяга да эңкейиш болуп, жол кыймылынын бардык катышуучуларына коркунуч туудурат», — деп айтылат маалыматта.
Бак-дарактар Айтматов проспектисинин боюндагы Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин чынар же жалбырактуу клен менен алмаштырылат.