Биздин регион географиялык артыкчылыктарын кайрадан кайтарып алып, логистиканы туруктуу өнүгүүнүн куралына айландырууда. Бул тууралуу өткөн жумада БУУнун 80-Башкы Ассамблеясынын алкагында өткөн Иш жумалыгында “Alkanov” компаниялар тобунун жетекчиси, Кыргызстандагы логистика жана кыймылсыз мүлк башкаруу тармагында ийгиликтүү долбоорлордун жаратуучусу Чыңгыз Алканов билдирди.
Ал БУУнун Глобалдык келишим Хабы уюштурган “Борбордук Азия – туруктуу өнүгүүгө карай жаңы Жибек жолу” аттуу панелдик сессияда сөз сүйлөдү. Дүйнөлүк агымдардын жаңы картасы жөнүндө сөз болгондо, Борбордук Азия дароо эле эске түшө бербейт. Бирок биздин регион «четте калган» абалдан чыгып, дүйнөлүк көңүл чордонундагы аймакка айланып баратат.
Бүгүнкү күндө Борбордук Азия — бул 80 миллионго жакын калкы бар бирдиктүү рынок, жаш жана өсүп жаткан калкы, ыкчамдап бараткан урбанизациясы менен айырмаланат. Ошол эле учурда бул жерде жаңы соода жолдору инфраструктуранын түзүлүшү жагынан да, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоо багытында да активдүү өнүгүүдө.
Регион ичиндеги чек ара маселелери чечилип, Кытай менен кызматташтык жигердүү өнүгүүдө: Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытай Эл Республикасы “Түбөлүк жакын коңшу, достук жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюшту; Кытай — Өзбекстан — Кыргызстан багыты боюнча темир жол курулуп жатат; былтыр Кыргызстан менен чек арада кошумча “Бедел” өткөрмө пункту ачылып, учурда ага алып баруучу автожолдордун курулушу жүрүүдө. Борбордук Азия биригип, бул аймак аркылуу жүктөрдүн агымынын ылдамдыгын олуттуу түрдө жогорулатып жатат. Ошону менен бирге биздин регион «жашыл» экономика принциптеринин негизинде өнүгүүгө ыңгайлуу: шамал дайыма болуп турат, жыл ичинде күн нуру көп тийген күндөрдүн саны дээрлик максималдуу — күн активдүү, өндүрүлгөн электр энергиясы жеткиликтүү жана экологиялык жактан таза — бүгүнкү күндө анын 80 пайызы жаңылануучу булактардан, тактап айтканда, гидроресурстардан алынат.
Логистика да «жашыл» болуп баратат. Булардын баары туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык талаптарды колдойт жана борборазиялык долбоорлорду узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн ыңгайлуу кылат. Түндүк менен түштүктүн, батыш менен чыгыштын кесилишиндеги логистикалык түйүн. Жогоруда айтылган факторлор буга чейин жөн гана фон болуудан чыгып, азыр региондо жакынкы жылдары кайсы инфраструктуралык чечимдер талап кылынарын аныктап жатат.
Кыргызстандын мисалында…
1. Өлкө аркылуу ЦАРЭСтин (CAREC) алты коридорунун төртөөсү өтөт, бул Кыргыз Республикасын Кытай, Түштүк Азия, Орусия жана Жакынкы Чыгышты байланыштырган табигый көпүрө кылат.
2. «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторун модернизациялоонун эсебинен аба каттамдары кеңейип жатат.
3. Кытай менен Европанын ортосундагы жүктөрдүн транзиттик убактысын бир нече күнгө кыскартууга мүмкүндүк берген темир жол долбоорлору ишке ашырылууда.
4. Туннелдер жана көпүрөлөр менен коштолгон «Түндүк-Түштүк» жолу курулуп бүтүп калды, бул ишенимдүү мультимодалдык маршруттарды түзүүдө.
5. 2024-жылы Кыргызстан аркылуу автожолдор менен 44,4 миллион тонна жүк ташылган — бул 2023-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 7,5% өсүштү көрсөтөт.
Биз транзит эми өзү эле максат болбой, кошумча нарк жаратуунун платформасына айланып жатканын көрүп турабыз. «Кийинки кадам – бул толук интеграция болот: бажы процедураларын шайкеш келтирүү, процесстерди санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү принциптерин киргизүү. Бүгүнкү күндө Казакстан менен Кытай жүк ташууда электрондук документ жүгүртүүнү, E-permit’ти ийгиликтүү колдонуп жатышат. Бул “Санарип Жибек жолу” демилгесинин алкагындагы өлкөлөрдүн санариптик интеграциясынын бир бөлүгү болуп эсептелет», — деп билдирди Чыңгыз Алканов Нью-Йоркто сүйлөгөн сөзүндө.
«Ушул чаралардын аркасында Борбордук Азия алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон, атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу рынокту түзүп жатат — жөн гана көпүрө эмес, “жашыл” өнүгүүнүн жана жалпы гүлдөп-өсүүнүн үлгүсү болуп, менин оюмча, чын эле Евразиянын туруктуу өсүшүнүн кыймылдаткычына айлана алат», — деди ал.
Инфраструктура, санариптештирүү жана «жашыл» чечимдер. Региондогу өзгөрүүлөр көбүнчө мамлекет менен тыгыз кызматташкан жеке сектор тарабынан ишке ашырылып жатат. Панелдик сессиянын жүрүшүндө Ч. Алканов Кыргызстандагы Global Hub аттуу А класстагы көп функциялуу бажы-логистикалык борборду ийгиликтүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн реалдуу мисалы катары тааныштырды. Global Hub — бул Бишкек шаарына жакын курулуп жаткан объект, логистикалык жана бажы функцияларын бириктирип, жүктөрдү иштетүү мөөнөтүн кыскартып, чыгымдарды азайтуучу инструменталдык платформа катары ойлонулган.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда. «Global Hub долбоорунун мисалында мен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн кейсин көрсөттүм. Азыр биздин мамлекет инфраструктуралык долбоорлорду активдүү колдоодо: бардык зарыл документтештирүү иштери кечигүүлөрсүз жана коррупциясыз жүрүүдө, негизгиси — куруп башта. Жалпысынан, биз трендде экенибизди белгилөө жагымдуу болду, Нью-Йоркто биздин объектке чоң кызыгуу болду», — деп комментарий берди Чыңгыз Алканов. Ал ошондой эле долбоор кызматташтыкка жана өнөктөштүккө чакырарын кошумчалады (кененирээк маалымат: globalhub.kg).
Global Hub өзүнө сертификатталган light industrial кампаларды ар кандай температура режимдери менен бириктирет, анын ичинде терең тоңдуруу аймагы жана фармацевтикалык кампалар, эл аралык GDP стандарттарына ылайык; бардык бажы, банк жана башка кошумча кызматтар үчүн бирдиктүү терезе, ошондой эле офистик жайлар да бар. Global Hub ижарачылар үчүн өз компанияларын региондо бириктирген жалпы аянтчаны түзөт, жүктөрдү гана эмес, бизнести да бардык этаптарда жогорку коопсуздук, көзөмөл жана кызмат көрсөтүү менен камсыз кылат.
«Жашыл» чечимдер дагы долбоорго киргизилген: күн панелдери, электромашинелер үчүн жогорку ылдамдыктагы заряддоо станциялары — Бишкекте жүктөрдү электрокарлар менен жеткирүү мүмкүнчүлүгү — жана фрион эмес, СО2 колдонулган муздаткычтар. Дискуссиянын алкагында Казакстан менен Өзбекстандагы ийгиликтүү иштеп жаткан логистикалык объектилер дагы тааныштырылды. Сессияда Борбордук Азиянын билим берүү жана банк секторлорунун өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Жалпысынан дискуссия, ошондой эле регионго дүйнөлүк деңгээлдеги жогорку көңүл буруусу, Борбордук Азия тарыхый маршруттар инфраструктуралык долбоорлор жана жашыл технологиялар менен курашкан аймакка айланып баратканын тастыктады. Эгер мурдагы он жылдыкта Борбордук Азия үчүн дипломатиялык жана өкмөт аралык макулдашууларга басым жасалса, азыр негизги көңүл инфраструктурага жана регион ичинде кошумча нарктын сакталуусуна мүмкүндүк берген мамлекеттик-жеке демилгелерге бурулуп жатат.











