Abank_june
SerepTV Logo

Депутат Сарыбашов: "Бир ишкер дээрлик 20 миллион сомун алдамчылардан улам жоготуп алды"

Депутат Сарыбашов: "Бир ишкер дээрлик 20 миллион сомун алдамчылардан улам жоготуп алды"

"Интернет шылуундарына каршы күрөштү күчөтүү зарыл". Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.

"Жарандардын акча каражаттарын коргоо бүгүн чоң маселеге айланды. Банктык тиркемелердин коопсуздугун дагы жакшыртуу боюнча Улуттук банкка сунуштарыбызды бердик. Жакында эле бир ишкер дээрлик 20 млн сом акчасын алдамчылардан улам жоготуп алды. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн тиешелүү чаралар тез арада көрүлүшү керек", - деди ал.