"Кытай жарандары Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү жапырт сатып алып жатышабы?". Бекешев статистикалык маалыматты бөлүштү
"Мамлекеттик кадастрдын расмий маалыматтарын карап чыктым. Сандык көрсөткүчтөр башкача көрүнүштү көрсөтөт". Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.
2025-жыл жана 2026-жылдын 1-чейрегинде чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда 2 408 кыймылсыз мүлк объектисин сатып алышкан.
Эң көп сатып алган өлкөлөр:
Орусиянын жарандары — 1 238 келишим.
Казакстандын жарандары — 424 келишим.
Кытайдын жарандары — 311 келишим.
Түркиянын жарандары — 145 келишим.
Германиянын жарандары — 56 келишим.
Демек, Кытай жарандары биринчи эмес, үчүнчү орунда.
Кытай жарандары боюнча өзүнчө:
2025-жылы — 272 келишим;
2026-жылдын 1-чейрегинде — 39 келишим;
жалпысы — 311 келишим;
жалпы аянты — 32 540 чарчы метр.
Анын ичинен жер тилкелери — 4 260 чарчы метр. Бул 0,426 гектар, башкача айтканда, жарым гектардан да аз.
Масштабды түшүнүү үчүн: 2025-жылы Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу боюнча 62 миңден ашык келишим болгон. Кытай жарандарынын үлүшү болжол менен жалпы рыноктун 0,44%ын түзөт. Ошондуктан “кытайлар баарын сатып алып жатат” деген пикир расмий маалыматтар менен тастыкталбайт.
Бирок бул мамлекет көз жумуп коюшу керек дегенди билдирбейт. Туруктуу жана ачык мониторинг зарыл: ким сатып алып жатат, кайсы аймактан сатып алууда, бир адамда канча объект бар, стратегиялык же чек ара аймактарында сатып алуулар барбы, ортомчу адамдар колдонулуп жатабы — мунун баары көзөмөлдө болушу керек.