Abank_june
SerepTV Logo

Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана саясий ишмер Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу жана аза күтүү иш-чарасына катышты. 

Адылбек Касымалиев көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, президент Садыр Жапаровдун атынан көңүл айтуу сөзүн окуду. 

Мыктыбек Юсуповичтин өмүрү укук коргоо жана прокуратура кызматы менен тыгыз байланышта өттү. Көп жылдык мазмундуу ишмердиги, кесипкөй тажрыйбасы менен мыйзамдуулуктун чыңдалышына, мамлекеттүүлүктүн бекемделишине жарандардын кызыкчылыктарын коргоого олуттуу салым кошту. Трибунадагы коңур үнү, чайпалгыс токтоолугу, таптап, салмактап, аргументтеп сүйлөгөн сөздөрү, көтөргөн орчундуу көйгөйү жана анын чечүүчү жолдорун сунуштаган учурлары, атүгүл тыкан турган турпаты карапайым элибиздин жүрөгүндө сакталарына бекем ишенем”, - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун көңүл айтуу сөзүндө.