Маркум саясатчы Чыныбай Турсунбековдун жубайы, “Акун” компаниялар тобунун башкы директору Нуржан Тентимишова УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.
“Соцтармактан жаңылыкты окуп алып нес болуп отурам. Акырына чейин окуган жокмун. Себеби шайым болбой калды. Муну ким жазганын, эмне максат менен жазганын, эмне үчүн биздин үй-бүлөбүздүн атын, 4 жыл мурун каза болгон жолдошумдун, менин атымды колдонуп жатканын билбейм. Бул адамдардын артында кимдер турарын билбейм. Чыныбай экөөбүздүн 3 балабыз бар. 2 кыз 1 уул. Уулум үйлөнө элек. Биз саясатта жокпуз. Саясатка кызыкпайбыз, өз ишибиз менен алек болуп жүргөн үй-бүлөбүз.
Акыркы күндөрү мени сар-санаа кылган окуялар да болуп кетти. Акционердик жыйын өткөрүп жатканда бир жигит жулунуп кирип, “мен УКМКдан келдим” деп кыйкырып-өкүрүп, жыйынды өткөрткөн жок. Мен жок болчумун, баары нес болуп жатып, анын документтерин да сүрөткө тартып алышпаптыр. Кийин улуу кызым Айдайды Тилекмат менен жазышат экен деген сөз тарады. Мен азыр видеону кызымдыкында туруп жаздырып атам. “Эмне деп сүйлөштүң эле” десем 2 жыл мурун анын жазганын көрсөттү. Эмне максатта муну жасап жатасыңар, оюңар кандай?
Дагы бир ушак айтылып жатат. Мен Сапар Исаковду акчалай колдоп, аны Кыргызстанга алып келет имишмин. Мени бирөөнү акчалай колдогон ким деп ойлоп жатасыңар? Мен балдарымды багып жаткан жөнөкөй эле бир үй-бүлөнүн энесимин. Алмазбек Атамбаев мага 5 миллион доллар бериптир деп уктум. Ал мага эмнеге акча берет? Мунун баарын ким жасап жатканы ачыкка чыгат деп ойлойм”, — деди ал.