Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 23 820 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта республикалык штаб билдирди.
Алардан:
— 7 179 адам биринчи доза менен,
— 16 641 киши экинчи доза менен эмделди.
Жалпысынан Кыргызстанда биринчи доза менен 630 230, экинчи доза менен 339 996 адам эмдөөдөн өткөн.