Abank_oct
SerepTV Logo

Чубак ажынын аты берилет: Муфтий Базар-Коргондо курула турган заманбап мечиттин долбоору менен таанышты

Чубак ажынын аты берилет: Муфтий Базар-Коргондо курула турган заманбап мечиттин долбоору менен таанышты
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жаңыдан курула турган заманбап мечиттин долбоору менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө муфтийге мечиттин архитектуралык долбоору, курулуш планы жана шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле аталган мечит президенттин демилгеси менен курулуп жаткандыгы өзгөчө белгиленди. Жаңы мечит заманбап талаптарга жооп берген, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу ибадат ордосу жана диний-агартуу жайы болору айтылды. 
 
Курулуп жаткан ушул мечитке белгилүү аалым, экс-муфтий, маркум Чубак ажы Жалиловдун ысымын берүү пландалууда.
SEREP MEDIA