Abank july
SerepTV Logo

"Дааватка кеттим деген". Оштон Бишкекке кеткен Нурсултан Абдыраев майдан бери дайынсыз болуп жатат

"Дааватка кеттим деген". Оштон Бишкекке кеткен Нурсултан Абдыраев майдан бери дайынсыз болуп жатат
Бүгүн, 6-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нурсултан Абдыраевдин апасы кайрылып, уулу май айынан бери дайынсыз болуп жатканын билдирди. Апасынын айтымында, уулу 12-май күнү дааватка барам деп, Оштон Бишкекке кеткен. Ошол эле түнү Сокулуктагы досунун үйүнө барып, 2 күн ошол жакта болгон. Досунун айтымында, жигит 14-май күнү таңга маал үйдөн чыгып кеткен. Ошол бойдон дайынсыз. Апасы мечиттерден да таппаганын билдирди. Маалыматты редакцияга Ленин РИИБден тастыкташты. Жигиттин изделип жатканын билдиришти. "22-майда Ош ШИИБге жаран кайрылып, 2001-жылы туулган уулу Нурсултан Абдыраевдин 12-майдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ал Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө башталган", - дешти. Сүрөттөгү жигитти көргөн-билген болсо, 0 (312) 352-605, 0 (553) 102-465, 0 (703) 501-600, 0(553) 102-880, 0 (502)250-815 номурларына кайрылсаңар болот.