Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан 17 жаштагы жигиттин жансыз денеси Чүйдөгү Кайырма менен Ленин айылдарынын аралыгынан табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
Милицияга 28-февралда чалуу болуп, жансыз дене жаткандыгы тууралуу кабарланган. Жансыз денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Анын аты-жөнүн тактоодо 2004-жылы туулгандыгын, буга чейин издөөдө жүргөндүгү маалым болгон.