Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниэль Ажиевдин жубайына батир жана унаа берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бүгүн, 19-август күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Наргиза Ажиеваны кабыл алды. Ал 29-июлда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу президенттин дарегине жолдонгон видео кайрылуусунда, мурда мамлекет тарабынан конфискацияланган турак-жайлардын бирин жашоосу үчүн өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.
Турмуштук оор кырдаалын, ошондой эле Ажиеванын оор дартка чалдыккан баласы бар экенин эске алып, ага мурда конфискацияланган батир жана жаңы автоунаа тапшырылды.
Белгилей кетсек, өлкө мыйзамдарына каршы келген вебкам студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Ажиев Даниэлдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекеттин балансына кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.










