Бүгүнкү күндө Республикалык инфекциялык ооруканада бейтаптар толуп калды. Ооруканада 606 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу радиого оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева билдирди.
«Биздин оорукана 500 орундуу. Бүгүнкү күнү 606 бейтап дарыланып жатат. Бир суткада кайрылгандардын саны — 317 адам. 123ү ооруканага жаткырылды. Алардын 114ү кичинекей балдар. Жугуштуу оорулар ооруканасына кошумча койкалар коюлуп, бейтаптарды коридорго жаткырууга аргасыз болуп жатабыз. Кайрылган адамдын абалы орто оор же оор болсо жаткырууга аракет кылып жатабыз. Жаткырылгандардын көбү ОРВИ менен кайрылышкан. Калганы кызамык жана башка оорулар»,- деди ал.