Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча адиси, профессор Владимир Чуланов «РИА Новости» агенттигине метапневмовирус кимдерде оор өтөрүн айтты.
«5 жашка чейинки балдарда, 65 жаштан жогорку адамдарда, ошондой эле иммундук жетишсиздик менен жабыркагандарда инфекция оор өтөт», — деди дарыгер.
Ал метапневмовирустук инфекциянын белгилерин да санап өттү: жөтөл, мурундун бүтүшү, мурундун агышы, дене табынын көтөрүлүшү, дем алуунун начарлашы, үндүн кысылуусу. Чоң кишилерде метапневмовирустук инфекция көбүнчө курч респиратордук вирустук инфекциялар түрүндө же симптомсуз түрдө болот.
Ошондой эле учурда социалдык тармактын айрым колдонуучулары «өзгөчө» сасык тумоо менен ооруганын жазып чыгышты. «Азыр деле тамагым ооруп, жөтөлүп жатам. Үнүм таптакыр чыкпай калды. Айтчу сөздү кагазга жазып жаттым», — деп жазды ооруганын айткан жаран.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматына «Учурда сасык тумоо боюнча өлкөдө абал кандай болуп жатат? Кытайда тарап жаткан метапневмовирустун Кыргызстанга канчалык деңгээлде коркунучу бар?» деген суроолор менен кайрылганыбызда, эс алуу күндөрү болуп жатканына байланыштуу маалымат бере албай турганын билдирди.