Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев качкын президент Курманбек Бакиевдин Минскте жана Жалал-Абадда ооч ачуу өткөргөнү тууралуу маалымат окуганын, бул аны таң калтырбаганын билдирди.
«Эмне үчүн уюштуруучуларга Курманбек Бакиев тарабынан берилген акча мамлекетке алынган эмес. Ага сот мүлкүн конфискациялоо боюнча чечим чыгарбады беле? Тактап айтканда, анын атынан Кыргызстанга акча келип жатса, мамлекеттин пайдасына алынышы керек эле да?! Суроолор аябай көп, бирок жооптор болбой турганын билем», — деди ал.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Жалал-Абадда Курманбек Бакиевдин атынан ооз ачуу уюштурулганын жазышкан.