Жума, 18.07.2025
Бишкек booked.net
+22...+38° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Денесинде көгала тактар бар». Мектепте уулу сабалган келин акыйкаттык издейт

14:30 24.04.2024
0
«Денесинде көгала тактар бар». Мектепте уулу сабалган келин акыйкаттык издейт

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдарга карта зордук-зомбулукту болтурбоого чараларды көрүүгө чакырат. Акыйкатчы Бишкек шаарындагы мектептердин биринде биринчи класстын окуучусу сабалган окуя — баланын укугун одоно бузуу экенин баса белгиледи.

“Эч бир жагдайда чоң адамдар тарабынан балдарга карата зомбулук көрсөтүүсүнө жол берилбейт. Мамлекеттик органдар зордук — зомбулукка жол бербөө үчүн бардык чараларды тез арада кабыл алуусу зарыл”, — деди Жаманбаева.

Сабалган 7 жашар баланын апасы Акыйкатчыга кайрылып баласынын укугун коргоп берүүнү өтүндү.
Ал баласын элдин көзүнчө сабаган жаран камакка алынбай эркиндикте жүргөнүнө нааразы болду.

“Бул адамдын коомчулуктун арасында жүрүшү кооптуу деп эсептейм. Ал эртең башка баланы урбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Чоң адамдар өз иш аракеттери үчүн жооп берүүсү керек. Менин уулумду сабаганга анын укугу жок. Балага карата суроолор болсо, аны түшүндүрүүнүн көптөгөн жолдору бар. Балам анын баласы менен эч качан чырдашкан эмес. Биз мектеп менен тыгыз байланышта болуп турабыз. Уулум сабалгандан кийин көп нерседен коркуп калды. Денесинин ар кайсы жеринде көгала тактар бар жана учурдагы баламдын абалы мени кооптондурат. Күнөөкөр адам мыйзам чегинде жазалансын”, — деди нааразы болгон баланын апасы.

Андан сырткары ал тергөөчүгө да арызданды. “Тергөөчү бошобой жатам деген жүйөө менен бизди үч сааттай күттүрдү. Ошондой эле мектеп тарабынан жазылган арызды албай койду”, — деп ыйлады аял.

Акыйкатчы институту өз мандатына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдарга баланын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу талабы менен расмий суроо-талап жөнөттү. Ошондой эле, эне менен балага акысыз жактоочу жана психолог берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ыкчам чаралар көрүлдү.

Бишкектеги мектепте сабалган 7 жаштагы баланын апасымын деген аял буга чейин бийликке кайрылуу жасаган. Баланын апасынын нааразычылыгы жана коюлган айыптар боюнча Ленин РИИБ жооп берген. «12-апрель күнү милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда ал окуучулардын биринин ата-энесине карата чара көрүүнү сураган. Ошол эле күнү саат 16:15тер чамасында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринин ичинен жашы жете элек 2016-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтирген. Милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилген. Балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Психиатриялык экспертиза соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун  негизинде гана дайындалат. Учурда тергөө уланып жатат, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат», — дешкен.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Балыкчыга атайын техника алууга 100 миллион сом бөлүнөт

Балыкчыга атайын техника алууга 100 миллион сом бөлүнөт

Автор Эдита Ильясова
16:33 18.07.2025
0

Балыкчы шаарында көчөлөрдү тазалоо жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн жарактуу атайын техника такыр жок. Бул тууралуу жарандар менен жолугушууда президенттин...

Бишкекте айрым автобустук каттамдар убактылуу өзгөрдү

Бишкекте айрым автобустук каттамдар убактылуу өзгөрдү

Автор Эдита Ильясова
16:15 18.07.2025
0

Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнү реконструкциялоо иштери башталган. Бул иштердин алкагында Ауэзов көчөсүнүн Шабдан Баатыр...

21-22-23-июль күндөрү Ысык-Көлдүн айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат

21-22-23-июль күндөрү Ысык-Көлдүн айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат

Автор Эдита Ильясова
15:52 18.07.2025
0

21-22-23-июль күндөрү Ысык-Көлдүн айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти. Бул күндөрү Ысык-Көлгө Монголия президенти келери эскертилди....

Ташиевден кагуу жеген Өзгөндөгү жетекчи кармалды (видео)

Ташиевден кагуу жеген Өзгөндөгү жетекчи кармалды (видео)

Автор Эдита Ильясова
14:47 18.07.2025
0

Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “С.Л.”...

Бишкекте люктан улам аз жерден кырсык болуп кете жаздаган видео тарады

Бишкекте люктан улам аз жерден кырсык болуп кете жаздаган видео тарады

Автор Эдита Ильясова
14:34 18.07.2025
0

Бишкекте Медеров менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги люктан улам аз жерден кырсык болуп кете жаздаган видео тарады. Маалыматка караганда, айдоочу люкту...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Атка байлап, сүйрөткөн». Казакстанда 32 жаштагы келин өлтүрүлдү

"Атка байлап, сүйрөткөн". Казакстанда 32 жаштагы келин өлтүрүлдү

10:07 18.07.2025
«Сүйлөшкөн кызы менен уруша кеткенби?» Бишкекте жигит жолдун ортосуна жата калды

"Сүйлөшкөн кызы менен уруша кеткенби?" Бишкекте жигит жолдун ортосуна жата калды

09:46 18.07.2025
«Кат калтырып кеткен». Жаза аткаруу кызматынын жоокери өз өмүрүнө кол салып, көз жумду

"Кат калтырып кеткен". Жаза аткаруу кызматынын жоокери өз өмүрүнө кол салып, көз жумду

16:50 17.07.2025
Бишкекте айрым автобустук каттамдар убактылуу өзгөрдү

Бишкекте айрым автобустук каттамдар убактылуу өзгөрдү

16:15 18.07.2025
21-22-23-июль күндөрү Ысык-Көлдүн айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат

21-22-23-июль күндөрү Ысык-Көлдүн айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат

15:52 18.07.2025
Ошто жол тескөөчү менен айдоочу тартылган видео боюнча териштирүү башталды

Ошто жол тескөөчү менен айдоочу тартылган видео боюнча териштирүү башталды

15:18 18.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү