Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев жол эрежесин бузган айдоочулардан жол эрежесин суроо процедурасы коррупцияга жол ачарын айтты.
«Мен муну 20 жашар жигиттен 70 жашка чейинки аксакалдан уктум. «Биз буга толугу менен каршыбыз» дешти. Садыр Жапаровго кайрылып жатышат, «окуйбуз, кайра бизди калжаңдатпагыла» дейт. Жаш балдар «адам 100 пайыз акылдуу болуп кетпейт, унутуп калышы мүмкүн, жаңылат экен. МАИлерге коррупцияга жол ачып берип жатасыңар» дешти. Ушул нерсе кайра кайтарып алынсын деп айтып жатышат»,— деди ал.
Депутат ошондой эле муну бүтүндөй Кыргызстан боюнча эмес, Бишкек жана Ош шаарына гана киргизүүнү суранды.