Бүгүн, 19-майдагы Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Жарандык авиация мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостоновдон “Сиз эмне үчүн оюңузду кыргыз тилинде айтпай жатасыз? Кыргызча билбейсизби?” деп сурады.
Бостонов учурда кыргыз тилин үйрөнүп жатканын айтты. “Аралаштырбай бир тилде сүйлөйүн дедим”, — деди ал.
”Кыргызча сүйлөп аракет кылбасаңыз үйрөнбөйсүз”, — деди депутат.