Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-сентябрындагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо кичинекей балдарга кыргыздын духун көтөрө турган мультфильмдер көрсөтүлбөй жатканын айтты.
«Бүгүнкү күндө кыргыздын ар бир үйүндөгү кичинекей бала «Лабубу», Настя, Чики, Ча-Ча деген сыяктуу мультфильмдерди көрүп тарбияланып жатышат. Улуттун баатырдык духун көтөрө турган «Эр Төштүктү» көрсөтө турган мезгил келди деп ойлойм. Бул маанилүү жана зарыл деп эсептешибиз керек», — деди депутат.











