Жогорку Кеңештин бүгүн, 15-январындагы жыйынында депутат Дастан Бекешев ыш маселеси бул жумадагы күн тартибинде жок экенин айтып, качан карала баштарына кызыкты.
«Бул өтө актуалдуу маселе. Муну жарандар кайда болбосун талкуулап жатышат. Жогорку Кеңеш, өкмөт, бийлик качан бул меселени чечет деп күтүп жатышат»,— деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул меселе кийинки жумада караларын айтты.