Бүгүн, 10-декабрдагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айсулуу Мамашева сойкулукту нике аркылуу мыйзамдаштырып жатышканын айтты.
«Бир түнкү нике деп жатышат. Нике кыйып берет. Түнү менен билгенин кылат, анан «талак» берет. Бул сойкулукту мыйзамдаштыруу да», — деди депутат.
«Шариатта бир түнгө никеге туруу деген түшүнүк жок, ошондой эле убактылуу нике да жок. Муну бардык имамдар жакшы билишет жана эч кимге андай уруксат бербейт. Бул арам», — деп жооп берди Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазиев.