Депутат Айсулуу Мамашова блогер Айбек Улановдун жазганы экстремизмге тете экенин айтты.
Эл өкүлү ИИМдин өкүлдөрүнө кайрылып, блогер маркумду мазактаганы аз келгенсип, Телеграм каналында ар кандай мыйзамсыз чакырыктарды жасаганын белгиледи.
“Аны экстремист катары карап, билдирүүлөрүн толук изилдешиңер керек эле. Cилер кечирим суратып, коё берип салдыңар”, — деди Айсулуу Мамашова.
38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон.
Бул кылмыш коомчулукта резонанс жаратып, Уланов Айзиректин жасалма интеллект менен жасалган сүрөтү менен пост жарыялаган. «Аялыңыз 20 жылдыкта классташы менен жатып алганын билип калсаңыз, кандай карайт элеңиз?» деп жазган. Анын бул посту сынга алып, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Уланов билдирүүнү өчүрүп, бир нече сааттан кийин кечирим сураган видеону жарыялаган.