Жекшемби, 12.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Депутат Борбиев: «Таш-Көмүр шаарында вирустук гепатит күч алып жатат»

16:22 24.02.2026
0
Депутат Борбиев: «Таш-Көмүр шаарында вирустук гепатит күч алып жатат»
Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында гепатит ооруларын алдын алуу жана республикадагы гепатиттер боюнча жалпы эпидемиологиялык абал тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы угулду.

Жыйында аталган маселе менен тааныштырган Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев белгилегендей, 2025-жылы өлкө боюнча курч вирустук гепатиттин 8555 учуру катталса, 2024-жылы бул көрсөткүч 21195 учурду түзгөн. «Натыйжада жалпы оорулуулук деңгээли 2,4 эсеге төмөндөгөн», – деген баяндамачы 2026-жылдын 1-январына карата 578 бейтап боор алмаштыруу операциясын жасатканын кошумчалады. Талкуу маалында депутат Жылдыз Эгенбердиева В жана С гепатиттерине скринингден өткөрүү программасын ыкчамдатуу жана тиешелүү реестр түзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү алгач лабораториялык изилдөө жүргүзүп, андан соң гепатиттерге каршы эмдөө иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

Ал эми депутат Нуржамал Торобекова калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрүп, анын жетишсиздиги жугуштуу оорулардын өсүшүнө олуттуу себеп болуп жатканын жүйө келтирди.
Комитет төрайымы Гүлсүнкан Жунушалиева бул багытта алдын алуу иш-чараларын күчөтүү, өлкөдөгү дарылоо мекемелерин дары-дармектер, реактивдер, тест-системалар, вакциналар жана башка зарыл каражаттар менен өз убагында камсыз кылуу маселелерин ортого салды. Буга Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору Үмүткан Чокморова 2026-жылга бул максаттар үчүн 492 миллион сом каралганын маалымдады.

Өз кезегинде депутат Гүлнара Баатырова Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун илимий-аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу керектигин билдирип, муну менен катар эмдөөдөн баш тартуу учурларына байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды. Депутат Улукбек Карыбек уулу гепатит менен ооругандарды социалдык жактан коргоо механизмдерин күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.

Ошондой эле бул маселени комитетте кароону демилгелеген депутат Болотбек Борбиев анын атына Таш-Көмүр шаарынын тургундары кайрылганын, аталган шаарда вирустук гепатит күч алып жатканын белгилеп: «Негизги себептердин бири таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктүн жоктугу болууда», – деген депутат бардык жооптуу мамлекеттик органдарды бул көйгөйдү чечүүгө бардык күч-аракеттерин жумшоого чакырды. Жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы эске алынды.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Белгиленбеген жерден жолдун каршы тилкесине чыгуу — 15 миң сом. Айып пулга жеңилдик да берилбейт

Белгиленбеген жерден жолдун каршы тилкесине чыгуу — 15 миң сом. Айып пулга жеңилдик да берилбейт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:15 10.04.2026
1

Жолдогу бир секундалык ката, көптөгөн кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүн. Белгиленбеген жерден каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени түз келе...

№ 19 шайлоо округунан талапкер Рамис Жунусалиевдин каттоосу жокко чыгарылды

№ 19 шайлоо округунан талапкер Рамис Жунусалиевдин каттоосу жокко чыгарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:06 10.04.2026
1

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-апрелде №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жунусалиев Рамис Майрамбековичтин талапкерликтен баш...

Оштогу Ак-Буура дарыясынан 323 миң тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Оштогу Ак-Буура дарыясынан 323 миң тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:34 10.04.2026
0

Бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарында болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Тазалоо иштерине...

Садыр Жапаров: «Ошто 16 мектепте 3 смен, ал эми 51 мектепте 2 смен менен окушат»

Садыр Жапаров: «Ошто 16 мектепте 3 смен, ал эми 51 мектепте 2 смен менен окушат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:29 10.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун...

Ош милициясы: 10-15-апрель күндөрү Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет

Ош милициясы: 10-15-апрель күндөрү Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:57 10.04.2026
0

10-15-апрель күндөрү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында Мамлекеттик күзөт объектилеринин жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү