Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова депутаттык шайлоодо айымдардын квотасын чектебеш керектигин билдирди.
Анын айтымында, шайлоочулардын жарымынан көбү айымдар. «Шайлоого аялдар активдүү катышышат. Үйдө түйшүгү болсо да, жумушун таштап шайлоого келишет. Мыйзамда 30 пайызы айым болушу керек деп жазылыптыр, мен аны колдойм. Бирок мырза депутаттар ал квотаны бул жакка киргизбеш керек деп жатат. Бул туура эмес», — деди ал.