Бүгүн, 19-майдагы Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльдар Сулайманов Жарандык авиация мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостоновго “Бишкектеги “Манас” аэропортунда каттамдар учуп-конуу тилкесинде оңдоо иштери жүрүп, кошумча тилке жасалып жаткандыктан кармалып жатабы?” деп суроо салды.
Буга жетекчинин милдетин аткаруучу мурдагы учуп-конуу тилкесинде эле оңдоо жүрүп жатканын, ал аяктаган соң жаңы тилке куруу пландала турганын айтты.
“Аэропорттун рейтингин көтөрүү үчүн дагы бир тилке керек да. Оңдогонго караганда жаңы салганга аз каражат кетет да. Балким жаңы салып туруп, эскини оңдогон туура болмок. Аэропорттон шаарга келүү убактылары бар да. Мен байма-бай каттап калдым. Фучик көчөсүндө унаа тыгын болуп калат. Тыгында туристтер турбашы керек. Аэропортко альтернативдүү жол керек”,— деди ал.