Шейшемби, 14.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

14:56 27.01.2026
0
Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

СерепТВ редакциясы учурда коомчулукта катуу талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановго мурунку жубайы менен болгон чырынын айланасында пикирин билүү үчүн кайрылды. Депутат өз чындыгын төмөнкүдөй билдирди:

«Урматтуу туугандар жана коомчулук!

Акыркы күндөрү мен тууралуу жүрүп жаткан талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берүүгө аргасыз болуп турам. Мурдагы жубайым Асел Сулайманованын жарыялаган маалыматтарынан кийин, мага карата оор жана адилетсиз пикирлер айтылып жатканын көрдүм.

Асел мени аялын уруп-сабаган, зулумдук көрсөткөн адам катары сүрөттөп жатат. Азыркы коомдогу аялдарга карата зордук-зомбулук тууралуу окуялардын фонунда бул өңдүү айыптоолор элди жаңылыш түшүнүккө түртүп, мени да ошол зөөкүрлөр менен теңеп жатканы өкүнүчтүү. Мындай жагдайда актанып чыгууга туура келип жатканы үчүн уялам. Бирок чындыкты коомчулукка ачык айтуу зарыл деп эсептейм.

Биз Асел экөөбүз 2016-жылы таанышып, баш коштук. Үй-бүлө болуп, эл катары жашадык. Асел мага үч уул төрөп берди. Мен эч качан ага кол көтөрүп, уруп-сабап же зулумдук кылган эмесмин. Үй-бүлөдө айрым учурда кайым айтышуулар болуп турчу, бирок кийинчерээк ашыкча кызгануу, текшерүү, жаңжалдар күчөп кетти. Кеч келгенимде уруш чыгып, үйдө уруш-жаңжал күчөй баштады. Ушунун баары акырындап ортодогу сезимдердин өчүшүнө алып келди. Мен зомбулук көргөн үй-бүлөдө өскөн эмесмин. Ата-энемдин ортосунда сый мамиле болгон. Ошондуктан мындай мамиле мага жат эле.

2023-жылы балдар үчүн гана чогуу жашай албай турганымды түшүнүп, ажыраштык. Бишкектеги үйүмдү Аселге калтырып чыгып кеттим. Ажырашкандан кийин да жоопкерчиликтен качкан жокмун. Аселдин жана балдардын бардык муктаждыктарын камсыздап турдум. Балдарымдын окуусу, кийими, эс алуусу толугу менен менин мойнумда болду. Жылына эки жолу чет өлкөгө эс алууга алып барчумун. Мен бошобой калган учурда Аселдин өзүн кошуп жөнөтүп тургам, муну жалган деп айта албайт.

2025-жылдын май айында кайра чогуу жашоо аракети болду. Бир аз убакыт бирге турдук, бирок кайра ажырашууга туура келди. Себептерин ачык айтпай эле коёюн. Ошондон кийин да балдарга жана Аселге каржылык жардам көрсөтүүнү токтоткон жокмун.

Акыркы маселе талаптардын чектен ашуусунан башталды. Балдарды шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын таңуулап, манипуляция кылып жатты. Аселдин коомдук жайларда ар ким менен урушуп-мушташа кеткен учурлары дагы интернетке тарап, анын моралдык жоопкерчилиги мага тийип жатты “Эльдар Сулаймановдун аялы” деп. Айрым учурда кимдир бирөөнүн бетин жарып, мурдун канаткан окуялары милицияга чейин жетти. Анын моралдык жоопкерчилигин да мен көтөрүп келдим.

Эми болсо чындыкка дал келбеген айыптоолордун курмандыгы болуп отурам. Аялы менен күйөөсү урушат экен. Ошондой учурда унаамды талкалап, үйдүн айнектерин сындырып, мага бычак көтөрө чуркап, таш ыргыткан окуялар көп эле болду. Ушул көрүнүштөр бизди ажыратты. Өмүрлүк жубайым деп тандаган шеригиң — эркек экениңе карабай тепкилеп, атып уруп жатканы жүрөктү абдан оорутту. Муну айтпашым керек эле, тилекке каршы айтууга туура келди.

Урматтуу коомчулук!

Мен аялзатын кордогон, басмырлаган адам эмесмин. Мени тааныгандар муну тастыктай алат. Азыркы каралоолор мурдагы жубайымдын ажырашкандан кийинки жек көрүүсү деп ойлойм. Ажырашкандан кийин “жакшы эле” деп айтышпайт тура. Бул менин биринчи жана акыркы түшүндүрмөм болсун. Асел кандай болгон күндө да менин балдарымдын апасы. Азыр эмоцияга алдырып жатат, бирок убакыт өткөндө бул аракеттерине өзү баа берет деп ишенем. Эртең эле балдарыбыз чоңоёт, аларды дагы ыңгайсыз абалга калтырып алганыбызга абдан кейип турам.

Асел сага кайрылам, экөөбүз чогуу өткөргөн жакшы күндөрдү гана эстейм. Бул кадамыңды эмоция үстүндөгү сабырсыздык деп кабыл алам. Экөөбүздүн ортобуздагы мамилеге биз менен иштешкен адамдарды аралаштырбай эле кой. Ал эми талкуу жүргүзүп жаткандардан суранам, бирөөнүн үй-бүлөсү — караңгы токой. Так билбей туруп, оор сөздөрдү жазбаңыздар. Асел тууралуу да жаман пикир айтпоону өтүнөм, анткени ал менин балдарымдын апасы».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Айзада Тураркулова

Айзада Тураркулова

Окшош

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:52 14.04.2026
0

1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды,...

Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:00 14.04.2026
0

Бүгүн, 14-апрелде Конуров Бахадыр Арунович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматын...

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:54 14.04.2026
0

Эртең, 15-апрелдин экинчи жарымында жана 16-17-апрель күндөрүнө чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана...

Бишкек шаарынын мэри Миңжылкыев көчөсүнүн улантылышы боюнча интервью берди

Бишкек шаарынын мэри Миңжылкыев көчөсүнүн улантылышы боюнча интервью берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:38 14.04.2026
0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Миңжылкыев көчөсүнүн улантылышы боюнча интервью берди.

Белгиленбеген жерден жолдун каршы тилкесине чыгуу — 15 миң сом. Айып пулга жеңилдик да берилбейт

Белгиленбеген жерден жолдун каршы тилкесине чыгуу — 15 миң сом. Айып пулга жеңилдик да берилбейт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:15 10.04.2026
1

Жолдогу бир секундалык ката, көптөгөн кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүн. Белгиленбеген жерден каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени түз келе...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

09:53 14.04.2026
Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

13:54 14.04.2026
Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

09:43 14.04.2026
Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

16:52 14.04.2026
Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

16:00 14.04.2026
БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

15:37 14.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү