Кечээ, 10-марттагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльдар Сулайманов Мамлекеттик ипотекалык компанияга бөлүнүп жаткан 200 миллион доллардын 100 миллион долларын Оштогу балдардын онкология жана гемотология борборуна берели деген сунушун айтты.
Анын айтымында, аталган балдардын онкогематология борборуна түштүк региондорунан ооруган балдар барышат. Имарат 1980-жылы курулуп, эскилиги жетип калган.
«200 миллион доллар деген чоң акча да. Ошонун жарымын Оштогу балдардын облустук ооруканасынын онкогематология бөлүмүнө бөлүп бербейлиби? Ал жерде болгону 36 орун бар. Ал жерге Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан рак менен ооруган балдар барышат. Акчаны социалдык жактарга да жумшайлы», — деди Сулайманов.












