«Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдин чоң эрдиги менен 30 жылдан бери чечилбеген чек ара маселеси такталганы тууралуу маалымат тарады». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев билдирди.
«Мунун артында канчалаган сүйлөшүү, эмгек турганын билебиз. Камчыбек Ташиев менен чек арада чогуу жүруп, бийликке келгенче эле барып, үйлөрдү калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүп жүрдү. Ошол убакта эле «мен чек араны аягына чыгарам» дечү. Чек ара маселесинин такталганы бул тарыхый окуя болду», — деди ал.