«Кыргызстанда алтын казгандарга эмне үчүн каршы чыгышат? Себеби, жергиликтүү элге калдыктардын зыяны тийбесин дешет» деди депутат Кубанычбек Самаков бүгүн, 23-июнда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында.
«Менин кесиптешим цианид колдонбоо боюнча туура маселе көтөрүп чыкты. Ооба, статистика боюнча цианидден башка химикаттарды колдонсо ишмердүүлүгү 5 пайыздан 10 пайызга чейин кымбаттайт. Ошолор менен күрөшкөндүн ордуна алдын ала шарт коюп койсо болбойбу? Кыргызстандын келечегин алдын алуу болуп эсептелет да»,— деди депутат.
«Азыркы учурда такыр колдонууга болбогон химикаттар бар, бирок цианидди колдонууга болот. Карап көрөлү. Анализ керек»,- деди жаратылыш министринин орун басары.